Смаилова Шааркүл Айыповна

окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары

1955-жылы 20-январда Калинин районуна караштуу Бөксө-Жол айылында туулган.1973-1978 -жылдары Пржевальскийдеги педагогикалык институтунун физика факультетин аяктап, 1978- 1979 окуу жылында Калинин районунун Кызыл -Дыйкан орто мектебине физика сабагынын мугалими болуп эмгек жолун баштаган . 1979-1980 окуу жылынан баштап ушул райондун Талды — Булак орто мектебинде мугалимдик кесипте эмгектенип жатат. 1982-1992- окуу жылдарында тарбия иштери боюнча уюштуруучу болуп иштеди. 1999- 2003-жылдары Талды-Булак селолук советинде жоопту катчы болуп эмгектенди. 2011-2012 жылдан баштап азыркы убакка чейин Талды- Булак орто мектебинде окуу- тарбия боюнча директордун орун басары болуп иштейт. 1985-жылы КР Элагартуу отличниги. 2015-жылы КР ардактуу инсандар коомдук бирикмесинин «Эл суйгон жетекчи» наамындагы медаль. КР Аялдар конгресси тарабынан»Өрнөктүү Эне» — медаль. 2021-жылы КР эгемендүүлүгүнө 30 жылдыгына карата «Кыргызстан аялдары » энциклопедиясына өмүр баяны, эмгек жолу тууралуу жазылган . Үй бүлөлүү 3 уул 1 кыздын энеси.