Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Санжыралуу Сары-Өзөн Чүйдүн батыш ыптасындагы, кадимки Бишкек-Ош жолунун боюнда айтылуу Кара-Балта капчыгайынын ичинде Талды-Булак айыл аймагына караштуу Кайырма жана Бөксө-Жөл айылдарынын дал ортосунда Канат Дербишев атындагы Талды-Булак орто мектеби жайгашкан. Бул — үч айылдын мектеп окуучуларына татыктуу тарбия, илим тартуулап келаткан билим уясы. «Билим алуу ийне менен кудук казгандай» демекчи, билим алуунун башаты бара-бара чынынгы агартуучулук жолуна түшкөн. Адагенде башталгыч, андан кийин 7 жылдык мектеп болуп, 1933-жылы ачылган. Талды-Булак деп аталышынын себеби, Бишкек-Ош жолу менен тоо аралай жол тартканда «Марал» кечүүдөн өткөндөгү өндүрдүн аты «Талды-Булак». Мектепке аттын коюлушу мына ушуга байланыштуу, Бөксө-Жол айылында алгачкылардан болуп мектептин ачылып калышына жана түптөлүшүнө Кызыл-Октябрдык (азыркы Бекитай айылы) Канат Дербишев менен Бөксө-Жолдук Бердибек Саламатов демилгечилерден болушкан, Кайырма айылынын тургундары, бир туугандар Адамкул Каркеев менен Айке Байтелиеева биринчи мугалимдерден болушкан. Канат Дербишев атындагы Талды-Булак жалпы билим берүү орто мектеби 1991-жылы декабрь айында ишке киргизилген, бул күнү Талды-Булак айылдык советинин аймагына жайланышкан Кайырма, Бөксө-Жол жана Кызыл-Октябрь айылдарынын жашоочулары кош кубанычка күбө болууга келип жатышты, себеби Талды-Булак орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилип, ага ушул айылдын кулуну, жаштык жалын курагын революциянын иши үчүн арнаган, узак жылдар боюнча партиялык жана советтик кызматтарда иштеген, Кыргыз автономдуу облусунун борбордук комитетинин катчысы болган Канат Дербишевдин ысымы ыйгарылмак. 360 окуучуга ылайыкташтырылган. 2 кабаттуу. Жайгашкан жери Бөксө-Жол айылы, Медер көчөсү номери жок. Жалпы аянты 3 га.

 

 

Эмблема

 

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин усулдук темасы

«Инновациялык ыкмаларды колдонуу менен окуучуларга билим жана тарбия берүү»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета