2024-2025-окуу жылы башталды. Биздин мектеп үчүн жаңылануу окуу жылы десек болот. Себеби "Заманбап мугалим" долбоору аркылуу 3 мугалим келди. Мектеп жаңыланды. Мектеп жаңы окуу жылына даяр.
2024-жылдын 26-январында жалпы мектептик "Энелер мектеби" менен таанышуу аталыштагы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ата-энелер заманбап ата-эне болуу жана "Энелер мектеби" тууралуу маалымат алышты. Алар топтордо ар кандай кырдаалдарды талкуулашты жана чечишти. Жаңы форматтагы чогулуш ата-энелерге жакты.
2023-жылдын 24-ноябрында Жайыл районунун окуу бөлүм башчыларынын "Башкаруу ишинин уюштуруу системасы" деген темада семинар болуп өттү. Семинарды Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кыдыкова Айнура Ачыковна алып барды. Бардыгы болуп 37 окуу бөлүм башчылары катышты. Мектептин жыйындар залында тема боюнча окуу бөлүм башчысы Смаилова Шааркуль Айыповна доклад окуду. Андан…