Рыскулов Рысбек Насыркулович

директор

15-сентябрда 1985-жылы Чүй облусунун, Жайыл районуна караштуу, Бөксө-Жол айылында төрөлгөн. 1992-жылы Талды-Булак орто мектебине 1-класска кирип, 2003-жылы Сосновка орто мектебин аяктаган. 2004-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетине тапшырып 2009-жылы тарых мугалими кесибин алып чыккан. Эмгек жолун Сосновка орто мектебинде тарых мугалими болуп баштаган. 2011-жылы Сосновка орто мектебинин тарбия бөлүм башчысы болуп дайындалат. 2013-жылдан 2016-жылдары Талды-Булак орто мектебинде тарых мугалими болуп иштеген. 2012-2016-жылдары Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2016-2017-жылдары Сосновка орто мектебинде соцпедагог болуп иштеген. 2022-жылы Талды-Булак жалпы билим берүү орто мектебине директор болуп конкурс аркылуу өтүп, иштеп баштаган.

Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.