Молдокулов Жолдошбек

тарых мугалими

1954- жылы 20-майда Жайыл районундагы Бөксө-Жол айылында төрөлгөн. 1962-жылы Талды-Булак орто мектебине 1-класска кирип аны 1972-жылы аяктады. Мектепти аяктагандан кийин Калинин малды боордоп семиртүүчү чарбада жумушчу болуп эмгек жолун баштаган. 1973 1975-жж. аскердик кызмат өтөдү .1975-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университтинин филология факултетинин журналистика бөлүмүндө окуп аны 1981-жылы аяктады. 1982-1985-жылы Талды-Булак орто мектебине тарых мугалими болуп иштеди. 1985-1999жж Талды-Булак айыл өкмөтүндө эмгектенди. 1999-2002-жылдары Талды-Булак орто мектебине иштеди. 2002-2020 жылдары Бекитай орто мектебине тарых мугалими болуп иштеп келди. 2020-жылдан тартып Талды-Булак орто мектебине иштеп келе жатат. Сыйлыктар билим берүүнүн мыктысы. Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы төш белги, бир нече грамоталар менен сыйланган.

5 баланын, 12 неберенин чон ата, тайатаcы.