Кутманалиева Салтанат Рашпековна

башталгыч класстын мугалими

1966-жылы 26-февралда Сокулук районуна караштуу Шалта айылында төрөлгөн. 1985-жылы Пржевальскидеги педагогикалык окуу жайын аяктап, Жайыл районундагы Талды-Булак орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1992-жылы В.В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктаган.

2009-2011-жылдары ушул эле мектептин окуу бөлүм башчысы болуп иштеген.

Райондук, айыл өкмөттүн, областтын, министрликтин грамоталарынын ээси. Билим берүүнүн мыктысы.

Үй-бүлөлүү, 3 уулдун апасы.