«КОШ АЛИППЕ»
Канат Дербишев атындагы Талды-Булак жалпы билим берүү орто мектебинде 1-класстын «Кош Алиппе» майрамы болуп өттү. Майрамды 1-класстын мугалими Исмайылова Сымбат Дүйшөналиевна алып барды. Майрамга 1-класстын окуучуларынын ата-энелери катышты. Мектеп жамааты катышты. 1-класстын окуучулары даярдаган көркөм окуучуларын, бийлерин тартуулашты. Ар бир окуучуга берилген тамгаларды жакташты. Кызыктуу фактылар болду. табышмактар, жаңылмачтар жана жомоктон үзүндү аткарышты. Ата-энелерди да катыштырып аларга викториналык суроолор берилди. Майрамга арналган кече эң жогорку деңгээлде өттү.
Комментарии