9-май «Улуу Жеңиш күнү»
Биздин мектепте «Улуу Жеңиш күнүнө» арналган иш чара болуп өттү. Мектептин аянтында жайгашкан Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жердештерибизге арналган эстеликтин алдында эскерүү иш-чара болду. Ага мектеп жамааты, окуучулар катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Мектептин окуучулары музыка мугалими Момуналиева Шаарбүбү эженин даярдоосу менен көркөм окуу, ырларды, хорлорду аткарышты. Улуу Ата-Мекенди курман болгондорду эскердик. Эч качан согуш болбосун!!! деген ураан менен иш-чара аяктады.
Комментарии