Новости

2024-2025-окуу жылы башталды. Биздин мектеп үчүн жаңылануу окуу жылы десек болот. Себеби «Заманбап мугалим» долбоору аркылуу 3 мугалим келди. Мектеп жаңыланды. Мектеп жаңы окуу жылына даяр.
04.09.2024 146
2024-жылдын 26-январында жалпы мектептик «Энелер мектеби» менен таанышуу аталыштагы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ата-энелер заманбап ата-эне болуу жана «Энелер мектеби» тууралуу маалымат алышты. Алар топтордо ар кандай кырдаалдарды талкуулашты жана чечишти. Жаңы форматтагы чогулуш ата-энелерге жакты.
29.01.2024 213
2023-жылдын 24-ноябрында Жайыл районунун окуу бөлүм башчыларынын «Башкаруу ишинин уюштуруу системасы» деген темада семинар болуп өттү. Семинарды Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кыдыкова Айнура Ачыковна алып барды. Бардыгы болуп 37 окуу бөлүм башчылары катышты. Мектептин жыйындар залында тема боюнча окуу бөлүм башчысы Смаилова Шааркуль Айыповна доклад окуду. Андан соң ачык сабактар өтүлдү, мектепке […]
24.11.2023 163
ТАЛДЫ-БУЛАК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИНДЕ МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ. АРДАГЕР МУГАЛИМДЕР ЧАКЫРЫЛДЫ. МЕКТЕП ӨЗҮН ӨЗҮ БАШКАРУУ МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРДЫ. АНДАН ТЫШКАРЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН БАШЧЫСЫ, ЖООПТУУ КАТЧЫ КЕЛИП КЕСИПТИК МАЙРАМ МЕНЕН КУТТУКТАП, МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ ЖАНА АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫШТЫ. КАРАБАЛТА ШААРЫНЫН МАДАНИЯТ ҮЙҮНДӨ МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА УЮШТУРУЛГАН ИШ ЧАРА БОЛДУ. БИЗДИН МЕКТЕП 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНА […]
06.10.2023 220
11-сентябрь 2023-жылы Канат Дербишев атындагы Талды-Булак жалпы билим берүү орто мектебинде Манас уюмуна 2 окуучу, Семетей уюмуна 15 окуучу, 7 окуучу кабыл алынды. Уюмга кирген мүчөлөр Манастын осуяттарын билүүгө, улууну урматтап, кичүүнү ызаттоого, агай-эжелерди сыйлоого ант беришти.
11.09.2023 172
2023-2023-окуу жылына карата кезектеги ремонт иштери болду. Айыл өкмөтү тарабынан жана ата энелер тарабынан чогулган каражатка курулуш материалдары алынды. Ремонт иштери толук мугалимдер жана техникалык кызматкерлер тарабынан жасалды
01.09.2023 119
Канат Дербишев атындагы Талды-Булак жалпы билим берүү орто мектебинде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара айылдын маданият үйүндө болду. Бүтүрүүчүлөргө каалоо тилектер айтылып, мамлекеттик үлгүдөгү аттестат тапшырылды, ошону менен бирге ЖРТ жыйынтыктары сертификаттары берилди. Катышкан ата-энелер өз каалоолорун айтып бүтүрүүчүлөргө ак жол тилешти.
23.06.2023 162
Мектепте бүтүрүүчүлөргө арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу тизими болду.
07.06.2023 120
Мектебибизде 4-класстын окуучуларына арналган «Кош бол башталгыч класс» аттуу иш чара болуп өттү. Класс жетекчиси Кутманалиева Салтанат Рашпковна. Келген коноктор ата-энелер жана мугалимдер болду. Иш чара башталгыч классты аяктап жаткан 4-класстын окуучулары тарабынан уюштурулган. Мектеп жөнүндө ырлар, монтаж, агай эжелерине арналган, ыр саптар айтылды. Заманбап бийин бийлешти. Иш чаранын аягында мектеп директору башталгыч класстын бүтүрүүчүлөрүнө […]
22.05.2023 126
Биздин мектепте «Энелер күнү» белгиленди. «Эне ыйык, эне кымбат баарынан» деген темада 3-класстын класс жетекчиси Айдыралиева Гульбара Кыйсатовна ачык тарбиялык саат өттү. Ачык сабак жогорку денгээлде, энелердин катышуусунда өттү. Иш чарада энелерди данктаган ырлар, көркөм окуулар, сценка коюлду. Бий бийлешти. Сабакка мектеп администрациясы жана ата-энелер катышты.
22.05.2023 140
Биздин мектепте «Улуу Жеңиш күнүнө» арналган иш чара болуп өттү. Мектептин аянтында жайгашкан Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жердештерибизге арналган эстеликтин алдында эскерүү иш-чара болду. Ага мектеп жамааты, окуучулар катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Мектептин окуучулары музыка мугалими Момуналиева Шаарбүбү эженин даярдоосу менен көркөм окуу, ырларды, хорлорду аткарышты. Улуу Ата-Мекенди курман болгондорду эскердик. […]
04.05.2023 143
Канат Дербишев атындагы Талды-Булак жалпы билим берүү орто мектебинде 5-май конституция күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Класстан тышкаркы иш чараны 8-класстын класс жетекчиси, химия, биология мугалими Кулназарова Жыпар Жакшымбековна өттү. Конституция жөнүндө маалымат берип окуучуларга беренелер тууралуу айтып берди. Балдардын укуктары, милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берилди. Телевизор аркылуу зордук зомбулук жөнүндө кыскача тасма берилди.
04.05.2023 452
1 / 212