Куликеева Жыпариса Бектемировна

математика мугалими

1956-жылы Жумгал районундагы, Кызыл-Ой айлында туулган.

1981-жылы Кыргыз кыз-келиндер институнун физика жана математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Сосновка санаториялык мектеп-интернатында физика жана математика мугалими болуп иштеп баштаган.

2016-2017 окуу жылдан бери Канат Дербишев атындагы Талды-Булак жалпы билим берүү орто мектебинде математика мугалими болуп иштейт. Эмгектери үчүн райондун, айыл-өкмөттүн, областтын, министрликтин грамоталары менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, бир баланын апасы.